• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кыргызстанда таксилердин баарын каттоодон өткөрүү сунушталды

27 Бирдин айы 201915:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.02.2019.Govori.TV.

Кыргызстанда таксилердин баары каттоодон өтүшү керек. Унаа жана жолдор министрлиги документти коомдук талкууга алып чыкты.

Азыркы мыйзам боюнча ташуу иштери менен алектенген жеке жак патенттин негизинде иштейт.

Ошол эле маалда айдоочулар жүргүнчүлөрдү ташуу коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды карманышпайт. Буга байланыштуу такси айдоочуларды Унаа, суу транспорту агенттигине каттоого тургузуу сунушталды.

Ташуучулардын реестерине каттоосу жок жүргүнчүлөрдү жана жүктү коммерциялык ташууга жол берилбейт. Каттоодон өткөн таксисттерге атайын талон берилет.

Количество просмотров: 16