• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстанда «Тандоо Инфо» элдик порталы ишке кирди

6 Чын куран 2021 20:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда «Тандоо Инфо» элдик порталы ишке киргизилип жатат. Бул тууралуу негиздөөчүсү Атыр Абдрахматова жарыя салды.

Ушул баскычта биз жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону, Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду таза, ачык, калыс өткөрүп алууну максат кылабыз.

Биз жергиликтүү шайлоолордогу бардык терс көрүнүштөргө карата шайлоо комиссияларынын, укук коргоо органдарынын аракетсиздигин көрүп турабыз. Ошондуктан биз биргелешкен күч-аракеттер менен гана ыктымал бузууларды токтотуп жана буга чейин мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тарта алабыз. Ар бир кыргызстандык жеке катышуусу менен гана кагазда эмес, чыныгы турмушта мыйзам үстөмдүгү иштеген мамлекетти курууга катыша алат.

Жаш курагына, макамына, кесибине карабастан – ар бир аң-сезимдүү жаран, биз өлкөнү жана кийинки төрт жылдагы жашообузду ишенип бергендердин үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө катышууга тийиш.

Кыргызстандын калкы мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат, андыктан www.tandoo.info порталынын негизги милдети, жарандардын мамлекетти башкарууга катышуу укугун, бизге Кыргыз Республикасынын Конституциясы кепилдик берген толук көлөмдө жүзөгө ашыруу болуп саналат.

Шайлоонун катышуучуларынын иш-аракеттерине, анын ичинде, бийлик түзүмдөрүнүн ишине байкоо салуу, жасалмалабай, сатып алууларсыз, фактыларды бурмалоосуз, администрациялык ресурсту колдонбой таза шайлоо өткөрүүнү талап кылуу – биздин ар бирибиздин укугубуз.

www.tandoo.info порталында кандай мүмкүнчүлүктөр ачылат?

Абдрахматованын айтымында, биринчи кезекте, шайлоочу үгүт жүргүзүүнүн бардык эреже бузууларын жана шайлоо күнүндөгү мыйзам бузууларды каттоого алууга жана маалыматтык порталдык онлайн-аянтчасына жайгаштырууга укуктуу.

Өз кезегинде биздин команда, ар бир мыйзам бузуу жөнүндө маалыматтар боюнча БШК, Башкы прокуратура, ИИМ, УКМКга арыз бериле турганына кепилдик берет. Биз онлайн трансляция аркылуу ар бир мыйзам бузуу учурларын кароонун ачыктыгын жана сиздердин ар бириңиздердин катышууңуздарды камсыздайбыз. Сиздер мыйзам бузуучуларды жоопкерчиликке тартууга тоскоолдук кылган жана аларды калкалаган ар бир чиновник жөнүндө биле аласыздар.   

Шайлоодон кийин биздин команда, www.tandoo.info порталы аркылуу ар бир чиновниктин убадаларын, иш милдеттерин аткаруусу боюнча жыйынтыктарын, отчеттуулугун жана жоопкерчилигин аныктап көрсөтүү боюнча иштейт.

Долбоордун шайлоо учурундагы медиа өнөктөштөрү, КАКТУС МЕДИА жана GovoriTV

Количество просмотров: 136