• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыргызстанда өткөн аптада COVID-19дун 12 жаңы учуру катталды

14 Кулжа 202212:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда өткөн жумада COVID-19дун 12 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды алдын алуу жана эпиемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 3 учур өлкөдөн чыгууда анализтапшыруу учурунда аныкталса, 3 учур сырттан келген.

“Калган бейтаптарда оорунун белгилери байкалган. Жалпысынан бейтаптарда оору симптомсуз жана жаңил формада өтүүдө. Алар үйлөрүндө дарыланышууда”, — деди ал.

Количество просмотров: 137