• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда учакка билет эмне үчүн кымбат?

18 Тогуздун айы 201815:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.10.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз чет өлкөгө учууда билеттер Бишкекке караганда Казакстанда арзан экенин айтып, мунун себебине кызыкты.
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун айтымында, кошуна өлкөдө учактын күйүүчү майы Кыргызстанга салыштырмалуу тоннасына 1000 долларга арзан турат. Ошондой эле ал жакка каттаган учактарда орундуктар көп экендигин да себеп экенин билдирди.
Жакында Катар өлкөсү менен да аба каттамдары боюнча келишимге кол коюла турган болсо, баа саясаты да эске алынарын  билдирди.
Количество просмотров: 78