• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан менен Тажикстандын оюнуна 16 миңден ашык билет сатылды

14 Кулжа 202217:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-июнда футбол боюнча Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командаларынын оюнуна 16 миң 470 билет сатылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, стадиондун сыйымдуулугу 18 миң 500 адамга ылайыкталган. Оюн саат 20:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан Сингапурду (2:1) жана Мьянманы (2:0) жеңген.

Количество просмотров: 240