Бишкек.06.05.2019.Govori.TV.
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда Экинчи Дүйнөлүк согуштун 344 ардагери жашайт. Анын ичинен 86сы согуштун майыбы, 217си катышуучулары, 17си концлагердин жашы жете элек туткундары, 24 ардагер Ленинград блокадачылары.
Улуу Ата-Мекендик согуштун 74 жылдыгынын урматына быйыл 9-майда согуштун майыптарына жана катышуучуларына президенттин резервдик фондунан 20 миң сомдон төлөнүп берилет
Белгилей кетсек, 1941-1945-жылдагы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан.