• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда улуттук Урбан форум өтөт

16 Тогуздун айы 20249:21 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын 16-18-октябрь күндөрү Бишкек шаарынын мэриясы, “MoveGreen” коомдук бирикмеси, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу, Өнүктүрүү саясат институту жана «Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн» өнөктөштүгү менен биргеликте, Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулган Улуттук урбан форум өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чаранын максаты — активдүү жарандардын, алдыңкы эл аралык жана улуттук эксперттердин жана Кыргызстандын 33 шаарынын мэрлеринин ортосунда диалог жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү.

Катышуучулар урбанизациянын учурдагы көйгөйлөрүн талкуулашат жана шаардык жана айылдык жамааттардын тез өсүп жаткан муктаждыктарын чечүү үчүн натыйжалуу чечимдерди издешет.

Форум шаарлар арасында өнөктөштүктү орнотуу жана жаңы шаардык өнүгүү стратегияларын түзүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп калат. Форумга Кыргызстандагы бардык шаарлардын мэрияларынын өкүлдөрү, Түркиянын 3 шаарынын өкүлдөрү, Монголиянын Улан-Батор шаарынын мэриясы, Россия шаарлар союзу, «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер» Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Евразия аймактык бөлүмү, Казань шаары, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Бирлиги, Казакстандын Жергиликтүү коомчулуктар элдик конгрессинин төрагасы, Франция, Германия, АКШдан келген эксперттер, БУУ Хабитаттын өкүлдөрү, Найроби, Кения, эл аралык аймактык өнүгүү жана чоң маалымат боюнча эксперттер, шаардык активисттер, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Количество просмотров: 114