• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда вакцинанын экинчи дозасын жалпы 1 млн 269 миң 377 адам алды

15 Чын куран 202211:02 Бишкек Govori.TV

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.

Акыркы сутка ичинде коронавируска каршы эмдөө алгандар тууралуу толук маалыматты келтиребиз:

  • биринчи дозасын 2 миң 339 адам алды, жалпы 1 млн 509 миң 746 адам;
  • экинчи дозасын 387 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 269 миң 377 адам;
  • бустердик дозаны 1 миң 223 адам алды, алардын жалпы саны 179 миң 440 адамга жетти.
Количество просмотров: 115