• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик өтүүдө

16 Жалган куран 2019 13:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.03.2019.Govori.TV.

Кыргызстанда бүгүн өлкө боюнча ишембилик өтүп жатат. Бул күнү өлкөдөгү жарандар, мекеме, ишканалардын кызматкерлери калктуу конуштардын көчөлөрүн тазалап, көчөттөрдү отургузду. Бишкекте өткөн ишембиликке президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон өлкө жетекчилери да катышты.

Кыргызстанда 1-марттан тарта 31-майга чейин жалпы өлкө боюнча үч айлык ишембилик өнөктүгү жарыялаган.

Анын алкагында көчөлөрдү жана короолорду тазалоо боюнча ишембилик өтүп, мамлекеттик мекемелерди жана турак жайлардын тышкы көрүнүшүн жана айланасын оңдоо, түнкү чырактарды калыбына келтирүү жана орнотуу, айыл-кыштактарга жана шаарларга бак-дарак тигип, гүл отургузуу, муниципалдык жолдорду оңдоо иштери жүрүүдө

Количество просмотров: 5