Жалпысынан 13 миң 302 жарандан коронавирус оорусуна анализдер алынды. Анын ичинен 7 миң 96 жарандын анализи толук кандуу чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйында Кыргыз Республикасынын биринчивице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтуусуна караганда, 30-мартка карата Кыргызстанда 94 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда – 50, Ош облусунда – 24, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Ош ш. – 8, Бишкек ш. – 7, Нарын облусунда – 1 учур. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур.
«Калган 7 миң 12 жарандын анализи оору жок экендигин көрсөттү. Аны менен бирге ооруга чалдыккан делип шектлип жаткан сырттан келген 1 миң 459 жаран обсервацияда жатат», — деп кошумчалады ал.