• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанда жашоо-тиричилик минимуму өстү (графика)

15 Тогуздун айы 2019 11:35 Бишкек Govori.TV

2019-жылдын III кварталында жашоо минимумунун көлөмү 4839,05 сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 4 пайызга, ал эми үстүбүздөгү жылы II кварталына карата 2,1 пайызга өстү. Жашоо минимумунун нарктык өлчөмүн өлкөнүн региондору боюнча карасак, эң жогорку нарктык өлчөм Жалал-Абад, эң төмөнкү Талас облусунда байкалды.

2019-жылдын III кварталындагы территория боюнча жашоо минимуму

Жашоо минимумунун нарктык өлчөмүн эсептөө 

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26 — майындагы №170 «Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 «Кыргыз Республикасынын калкынын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмүн бекитүү жөнүндө токтомуна» ылайык жүргүзүлөт.

Жашоо минимумун түзүмү калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыкты жана бекитилди, ага ылайык азык-түлүк товарларынын үлүшү (калк үчүн орточо) 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар — 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр – 17 пайызды жана салыктар — 2 пайызды түзөт.

Айрым өлкөлөрдөгү жашоо минимумунун чоңдугу
(АКШ доллары менен, улуттук валютанын курсу боюнча)

КМШ өлкөлөрүнүн статистикалык кызматтарынын официалдык сайттарында жайгаштырылган ыкчам маалыматтарга ылайык Жашоо минимумунун эң жогорку мааниси Россияда, эн төмөнкүсү Кыргызстанда байкалды.

Булак: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети

Количество просмотров: 177