• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргызстанда жер титиреди

4 Чын куран 2024 9:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында 4-апрелде саат 04:43тө очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Ат-Ойнок тоо кыркаларында жайгашкан — Кызыл-Көл айылынан түндүк-чыгышты карай 12 чакырым, Чат айылынан түндүк-чыгышты карай 14 чакырым, Көгарт, Аркыт айылдарынан түндүк-чыгышты карай 15 чакырым жана Кербен айылынан түндүк-чыгышты карай 51 чакырым алыстыкта орун алган.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөө сезилген. Алсак, Ат-Ойнок, Кызыл-Көл, Чат, Көгарт, Аркыт айылдарында 3 баллга, Көл, Алмалуу, Кара-Жыгач, Кызыл-Туу, Чарба, Райкомол, Жаңы-Жол айылдарында дээрлик 3 баллга жакын сезилген.

Количество просмотров: 2523