• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Кыргызстандагы адам укуктары талкууланды

6 Бештин айы 202316:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-декабрда Бишкекте Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына арналган жыйын өттү.

Укук коргоочулар, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан иш-чарада жарандардын укуктары канчалык деңгээлде корголуп жатканы жөнүндө маселелер талкууланды.

«Бүгүнкү күндө өлкөдө кыйноолорду алдын алууда кандай жетишкендиктер жана кемчиликтер бар жана алдыда кандай максаттарды койсок болот? деген суроолордун айланасында иш-чара уюштуруп, бул багытта талкуу болуп жатат»,-деди Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Бактыбек Рысбеков.

Белгилей кетсек, Адам укугу жөнүндө жалпы декларация кабыл алынганына быйыл 75 жыл толот. 1948-жылдын 10-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы 30 беренеден турган Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алган. Учурда декларацияга БУУга мүчө 193 өлкө кошулган. Кыргызстан 1994-жылдан тарта кабыл алган.

Количество просмотров: 79