• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстандан барган 88 кило баңгизат Гонконг аэропортунан табылды

7 Тогуздун айы 202410:19 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандан алынып барган 88 килограммдык баңгизат Гонконг аэропортунан табылды.

Гонконгдун бажы кызматкерлери Кыргызстандан керамикага салынган жыгач койгучтарга катылган 11,3 миллион доллар суммасындагы метамфетаминди кармашкан. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.

«Контрабандисттер кымбат көрүнгөн керамикалык буюмдарды жеткирүү менен бажы кызматкерлеринин көңүлүн бурууга аракет кылышкан. Бирок мындай буюмдарды экспорттоо менен таанылбаган Кыргызстанда сырдалган карапа сейрек кездешет жана бул биздин шектенүүлөрдү жаратты», — деди ал.

Гонконг эл аралык аэропортунда алгачкы текшерүү маалында жыгач койгучтардын бириктирилген жерлеринен кичинекей жашыруун нерселер табылган. Алардын ичинде жалпы салмагы 88 килограммды түзгөн метамфетамин салынган желим баштыктар болгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында ошол эле күнү аэропорттон өзүн айдоочумун деп тааныштырган 54 жаштагы жаран кармалган. Бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 195