• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыргызстандан былтыр 2031 жаран депортацияланды

23 Үчтүн айы 202611:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандан былтыр 2031 жаран депортацияланды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Чек ара кызматы чек аралык жана миграциялык мыйзамдардын сакталышына катуу көзөмөл жүргүзүү учурунда документтери талапка жооп бербеген 28 миң 593 адам аныкталып, алардын ичинен 28 миң адамга Мамлекеттик чек арадан өтүүгө уруксат берилген жок.

Өлкөдө болуу эрежелерин бузганы үчүн 2 031 чет өлкөлүк жаран депортацияланды.

«Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны ишенимдүү коргоону, чет өлкөлүк жарандардын мыйзамдуу кирүүсү үчүн ыңгайлуу жана ачык шарттарды камсыз кылууда»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 155