• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстандан көмүр ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

23 Кулжа 202514:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагынан көмүрдү ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.

Белгиленгендей, министрлер кабинети көмүрдү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификациялануучу) автомобиль транспорту менен (“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” автомобилдик өткөрүү пункттарын кошпогондо) Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды.

Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрүү тапшырмасы коюлду.

Количество просмотров: 107