• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Кыргызстандан Түркияга 55,3 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү

27 Бирдин айы 2023 13:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандан Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга 55,3 тонна биринчи зарылдыктагы гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган билдирди.

Ал бул гумжардам өлкөнүн коомдук уюмдары жана Кыргызстандын калкы, жана Түркиянын бул жакта жашаган жарандары тарабынан чогултулганын белгиледи. Анын ичинен 25,3 тонна жүк «Түрк авиалиниялары» жана «Пегасус Эйрлайнс» авиакомпанияларынын каттамдары менен, 30 тоннадан ашыгы транспорт каржаты менен жеткирилген.

«Биздин өлкөгө 5225 жууркан, 680 уктоочу кап, 2 генератор, 1099 матрас, 16 жылытуучу каражат, 9 тонна кийим, 9 тонна гигиеналык жана медимциналык каражат, 5 тонна тамак-аш болгон», — деди дипломат.

Ал кошумчалагандай, каражат чогултуу бүгүн да уланууда. Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркаган түрк жарандары үчүн ачылган атайын эсеп өз ишин улантууда. Эгер үй буюмдары керек болсо, элчилик өз убагында кабарлайт.

Количество просмотров: 41