• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Кыргызстандан жапайы канаттууларды алып чыгууга аракет кылган чет элдиктер кармалды

22 Чын куран 202517:45 Бишкек Govori.TV

«Манас» аэропортунда Кыргызстандын аймагынан жапайы канаттууларды мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган Мальтанын 5 жараны кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалгандар андан ары териштирүү үчүн Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына өткөрүлүп берилди.

Аларга төмөнкүдөй административдик протоколдор түзүлдү:

Кармалгандарда 180 миңден ашык айып пул салынып, 270 миң сом экологиялык зыян үчүн доо коюлду. Иш боюнча бардык материалдар мындан аркы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 256