• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстандык 19 жаштагы футболчу Ааламбек Абылкасымов жол кырсыгынан каза болду

18 Аяк оона 202318:57 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын 16 жашка чейинки жаштар курамасынын, «Илбирс» жана «Абдыш-Ата» футболдук клубдарынын экс-чабуулчусу 19 жаштагы Ааламбек Абылкасымов мезгилсиз дүйнө салды.

Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, ал каргашалуу жол кырсыгынан каза болду.

Белгиленгендей, Ааламбек Абылкасымов 2019-жылы U-16 Азия Кубогунун тандоо оюндарында Ливандын курама командасынын дарбазасына 41-мүнөттө алмаштыруу менен чыгып, 2 гол киргизип, 0:2 эсебинде улуттук курама команданын жеңишин камсыздаган эле.

Футболчу «Илбирстин» курамында 2021-жылдын 16-мартында Премьер-Лигада дебют жасаган. Жалпысынан ал 12 оюн өткөрүп, 2 гол киргизип, 1 пас берген. 2023-жылы «Абдыш-Ата-2» клубунда ойноп жүргөн.

Количество просмотров: 1890