• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыргызстандык 48 жаран Кореяга иштөө үчүн жөнөп кетти

1 Жетинин айы 2022 17:40 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык дагы 48 жаран Түштүк Кореяга иштөө үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жарандар Кореяга жумушчу күчүн жөнөтүү жана кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык жөнөтүлдү.

«Акыркы агым боюнча 450дөн ашык келишим түшкөн. Азыр биринчи топ кетип жатат, калгандары кийинкиге даярданып жатышат. Быйыл жалпысынан Кореяга 600дөн ашык жаран учуп кетти. Бул үчүн Бишкек – Инчхон багыты боюнча чартердик рейс уюштурулду.

Теги:
Количество просмотров: 68