• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыргызстандык 76 айдоочу Иранда чек арадан өтө албай турат

6 Жалган куран 202016:33 Бишкек Govori.TV

Чет өлкөлөрдөн жүк ташуу менен алектенген кыргызстандык айдоочулар Ирандын аймагынан чыга албай калышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өндүрүш палатасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 76 жүк ташуучу автоунаанын айдоочулары коронавирустун улам 18-февралдан бери Иранда изолятордо турат.

Транспорт жана логистика комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулунун айтымында, учурда айдоочуларда азык-түлүк жана акча каражатына болгон муктаждык жогору.

«Учурда айдоочулар менен WhatsApp тайпалар аркылуу гана байланышып жатабыз. Ирандын ичиндеги карантин, чектөөлөргө байланыштуу Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрү да алар менен түзмө-түз жолугуша албай жатат»,-деп билдирди Талантбек Маткерим уулу .

Количество просмотров: 330