• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстандык абитуриенттер үчүн Казакстан 50 стипендиялык орун бөлөт

24 Бугу 2023 11:40 Бишкек Govori.TV

2023-2024-окуу жылына карата Казакстандын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган Кыргызстандын жарандарынын арасында конкурстук тандоо жарыяланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Казакстан Кыргызстандын жарандарына бакалавриат, магистратура жана резидентура программалары боюнча окуу үчүн 50 орун бөлөт.

Белгиленгендей, конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер онлайн системасында “2023-2024-окуу жылына Казакстандын ЖОЖдоруна кабыл алуу” бөлүмүнө катталып, керектүү документтерди 2023-жылдын 22-июну саат 23:59 чейин жүктөшү керек. Каттоо жана документтерди тапшыруу шарттары тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн “Жарыялар” бөлүмүн караңыз.

!Эскертүү! документтердин толук эмес пакетин камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четке кагылат жана транспорттук жана башка чыгымдарды стипендиялык программанын катышуучулары өз алдынча каржылайт!, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 52