• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Кыргызстандык айдоочуга ок аткан тажик чек арачылары жазаланат

23 Бештин айы 2021 12:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын жаранын аткан тажик чек арачылары жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-декабрда Лейлек районундагы Максат-Жаштык унаа жолунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн.

«Тажик чек арачылары тарабынан кыргызстандык жаран Б.М.ге карата курал колдонуу фактысы тастыкталган. Тажикстандын чек ара өкүлдөрү тажик аскер кызматкерлеринин курал колдонуусу мыйзамсыз болгонун моюнга алышты. Мындай ашынган фактыга жол берген чек арачылар жоопкерчиликке тартыларын билдиришти. Бул окуяны Тажикстандын Аскердик прокуратурасы иликтейт»,-деп айтылат маалыматта.

23-декабрга карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 197