• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Азия оюндарынын финалына чыкты

22 Баш оона 2018 15:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.08.2018.Govori.TV.
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Азия оюндарынын финалына чыкты. Ал 77 кг салмакта баардык ага каршы чыккан атаандаштарын жеңип чыгып, жарым финалда түркмөн спортчусун 8:0 эсебинде утуп алды.
Акжол Махмудов эми алтын үчүн мекен намысын коргомокчу.
Финалда Акжол Иран балбаны Гарей Мохамедали менен күрөшөт.
Буга чейин кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков жана Могамед Мусаев финалдык беттештерин уттуруп, күмүш медалга татыган. Азырынча Кыргызстандын капчыгында 3 күмүш жана 3 коло байге бар жана анын бардыгы күрөштүн түрлөрү боюнча ээленди.
Количество просмотров: 28