• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстандык балбан Сманбеков Түркиядагы мелдеште алтын медаль утту

28 Бирдин айы 2022 10:57 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков Түркиядагы Yasar Dogu эл аралык турниринин эркин күрөш мелдешинде алтын медаль утту.

Сманбеков финалда грузиялык Бека Буджиашвили менен кез келген. Бирок атаандашы килемге чыкканда жаракат алганын билдирип, буга байланыштуу жеңиш автоматтык түрдө кыргызстандыкка ыйгарылган.

Кошумчалай кетсек, аталган турнирде Айпери Медет кызы 76 кг салмакта алтын, Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта күмүш байгеге алган. Спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өттү.

Количество просмотров: 180