• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков Азия чемпиону болду

29 Чын куран 201910:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.

Кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков Кытайда өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия биринчилигинде алтын медаль тагынды.

Белгилей кетсек, Азия биринчилиги Кытайдын Сиань шаарында 23-28-апрель күндөрү болуп өттү.

Үзүр Жусупбеков 97 килограмм салмак ченинде күч сынашкан. Ал финалдык беттеште өзбекстандык балбан Жахонгир Турдиев менен күрөшүп, аны 3:2 эсебинде уткан.

Мындан тышкары дагы үч балбан – Асан Сулайманов (55 кг), Руслан Царев (72 кг) жана Мурат Рамонов (130 кг) Азия биринчилигинин коло медалын тагынышкан.

Белгилей кетсек, бул Азия биринчилигинде кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиону болгон.

Количество просмотров: 16