• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Кыргызстандык боксер Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болду

6 Бугу 2024 14:49 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Зафарбек Камалов Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Азия чемпионатында 2-орунду ээледи.

Маалыматка ылайык, спортчу 51 кг чейинки салмакта катышты. Алгач 1/8 финалдык беттеште тажикстандын мушкери Мерож Суфижоновду 5:0 эсебинде уткан. Чейрек финалда ирандык спортчу Каземи Мехти 5:0 эсебинде жеңген. Ал эми жарым финалдык беттеште монголиялык Энкхтур Тугсбилегди эки раунддун жыйынтыгы менен уткан.

Алтын медаль үчүн беттеште индиялык Арянга жеңилип, жыйынтыгында Зафарбек Камалов жаштар арасында Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.

Белгилей кетсек, жаштар арасында курама команда команда улук машыктыруучу Улан Төлөнбай уулу жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Количество просмотров: 102