• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө Нигериянын жарандары аракет кылды

11 Бирдин айы 2019 13:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.02.2019.Govori.TV.

6-февралында Кыргыз Республикасынын УКМК Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте «Манас-аэропорт» Контролдук текшерүү пунктунан эл аралык авиа каттамынан,КР жасалма электрондук визасын колдонуп, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Нигериянын жарандары 1979-ж.т. Икене Анайо, жана 1997-ж.т. Карим Ахмед Оламилекан кармашкан.

Тышкы мигранттарды каттонун бирдиктүү системасы (ТМКБС) боюнча текшерген учурда, аталган адамдардын Кыргыз Республикасынын электрондук визасы жараксыз экендиги аныкталды.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында алар мамлекеттен келген жагына кайтарылды.

Азыркы учурда тышкы мигранттарды каттонун бирдиктүү системасынын (ТМКБС) 2-этабын ишке киргизүү пландаштырылып жатат. Бул система тышкы миграцияны натыйжалуу көзөмөлдөөгө, министрликтер жана мекемелерге өлкөдөгү миграциялык кырдаалды анализ кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Количество просмотров: 20