Кыргызстандык Ангелина Гаранина «Сен ТНТдагы топ-моделсиң» долбоорунун кастингине катышты.
Тилекке каршы, ал жарыштын кийинки баскычына өтө алган жок. Калыстар долбоордо алдыда оор баскычтар болорун, буга Ангелина туруштук бере албай кыйналарын белгилешти. Деген менен аны ар тараптан колдоого алууну убада кылышты.
Гаранинанын 11 жашында остеосаркомадан улам буту кесилген. Ошондон бери ал биомеханикалык протездин жардамы менен басып жүрөт. Ал эки жыл мурда «Кыргызстан сулуусу — 2019» конкурсуна чакырылган.