• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Кыргызстандык компания орусиялык футболчуларга форма тигип берет

13 Кулжа 2022 14:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спорт кийим даярдаган Bigser Sport мода үйү Орусиялык «Зениттин» футболчулары үчүн форма тигип берет. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков россиялык компаниялардын Кыргыз Республикасындагы эл аралык диверсификацияланган бизнес миссиясында билдирди.

Иш-чаранын алкагында Bigser Sport жана «Зенит Премьер Футбол» профессионалдык жабдууларды жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту.

«Эми кыргызстандык компания орусиялык футболчуларга форма тигип берет. Өлкөбүздүн экспорттук потенциалы коңшулардан, жада калса Европа мамлекеттеринен да артта калбайт деп ишенебиз. Андыктан, россиялык компаниялар мындан аркы жемиштүү кызматташуу үчүн бүгүн ишенимдүү өнөктөштөрдү таба алышат», — деди Артем Новиков.

Количество просмотров: 154