Кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов дүйнөдөгү беделдүү делген One Fighting Championship уюмунун чемпиондук наамына жетип, өлкө тарыхында алгачкы ирет бул уюмдун курун тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында жазылды.
Беттеш бүгүн, 25-октябрда, Жакарта (Индонезия) шаарында болуп өттү. Кыргыз спортчусу 77 килограмм салмактагы швециялык мушкер Себастьян Кадестан менен жолукту.
Мушкерлер беш раунд тең ат салышып, кыргызстандык спортчу калыстардын чечими менен жеңишке жетти.
One FC — аралаш мушташ боюнча дүйнөдөгү беделдүү уюм. Ал UFC уюмунун атаандашы катары эсептелет. Көп учурда аталган лиганын мушкерлерин өзүнө «тартып алып» жүрөт.
Булак: Спутник