• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңди

23 Чын куран 2024 15:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык окуучулар Болгариянын информатика боюнча XV Эл аралык (International Advanced Tournament in Informatics – John Atanasoff) олимпиадасында 4 күмүш, 3 коло медаль жеңип алышты.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 18-20-апрелде онлайн форматта өткөн олимпиадага 14 өлкөдөн Senior (15.5 жаштан жогорулар) жана Junior (15.5 жашка чейинкилер) тайпаларында 500гө жакын окуучу, анын ичинде Кыргызстандын тайпасында 36 окуучу катышты.

Күмүш медаль алгандар:

1. Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу (Senior);
2. Али Арапов, Ош «Сема» лицейинин 8-классынын окуучуcу ( Junior);
3. Абдуллахан Абдирасулов, Ош «Сема» лицейинин 8-классынын окуучуcу (Junior);
4. Рамазан Маннанов, Кадамжай «Семетей» лицейинин 8-классынын окуучусу (Junior).

Коло медаль алгандар:

5. Эмил Талыпов, Бишкектеги «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу (Senior);
6. Санжар Садирбеков, Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 10-классынын окуучуcу (Senior);
7. Нурислам Карыпжанов, «Манас Ата» Талас лицейиинин 9-классынын окуучуcу (Junior).

Команданын лидерлери жана машыктыруучулары — Кылычбек Урайымов, Медербек Осмонов, Артем Беляев, Мирбек Бакиров, Талант Арстанов, Зиядхон Атаходжаев, Бексултан Алмазбеков.

Количество просмотров: 92