Ушул жылдын 1-сентябрынан 8-сентябрына чейин Египеттин Александриясында IOI информатика боюнча олимпиада өттү. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.
Кыргызстандык окуучулардын командасы дагы ага катышып, эки күмүш, бир коло медаль утуп алышты. Өткөн жылы дал ушундай олимпиадада биздин мектеп окуучулары бир күмүш, эки коло медаль утуп алышкан эле.
Күмүш медалды Ян Бобрус (Газпром мектеби), дагы бир күмүштү Алихан Айдарбеков (Нарындагы М. Субакожоев атындагы Сапат лицейи) утуп алышса, коло медалга Байторо Майрамбеков (Таластагы «Манас Ата» Сапат лицейи) ээ болду. Мындан тышкары Абдулазиз Лебиев (Ч. Айтматов атындагы Бишкектеги Сапат лицейи) Ардак грамотага татыды.
Окуучулардын машыктыруучулары Медербек Осмонов, Кылычбек Ибраимов, Айдар Мундузбаев жана Тенгиз Беккоенов болушкан.
Бул олимпиадага катышкан 92 мамлекеттин арасынан Кыргызстан 27-орунду ээледи.