• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыргызстандык режиссер Түрк дүйнөсү даректүү тасмалар фестивалында 1-орунду алды

11 Тогуздун айы 2019 7:06 Бишкек Govori.TV

IV​ Түрк дүйнөсү даректүү тасмалар фестивалында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин студенти Айдана Топчубаева «Аяна» аттуу фильми менен 1-орунду алды.​ Фестивалдын алкагында кыргыз тасмасы жана ​ башка тасмалар «9 өлкө, 9 шаар, бир фестиваль» урааны менен ​ Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Македония, Венгрия жана Герцеговина жана Түндүк Кипр Түрк республикасында уюштурулуп жаткан иш-чараларда көрсөтүлөт.​ ​

Быйыл аталган фестивалда түрк тилдүү өлкөлөрдөн 150дөн ашык тасма ат салышкан. Даректүү тасмалар профессионалдар жана студенттер категориясында калыстар тобунун сынынан өткөн. «Аяна» тасмасы студенттер категориясы боюнча жеӊишке озуп чыккан.

«Аяна» даректүү тасмасында улакчы болууну кыялданган кичинекей кыздын күнүмдүк турмушу чагылдырылган. А.Топчубаева бул тасмасын дипломдук иш катары филология илимдеринин кандидаты Г.Станалиеванын көркөм жетекчилиги астында тарткан.​ ​ ​

Белгилей кетсек, Түрк дүйнөсү даректүү тасмалар фестивалы Түрк дүйнөсү журналисттер федерациясы тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет.

Количество просмотров: 102