Бишкек.20.03.2019.Govori.TV.
Кыргызстандык спортчу Гүлзада Калыкул кызы жеңил атлетика боюнча Бириккен Араб Эмирлигинде өткөн Олимпиадада биринчи орунду ээледи.
КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги кабарлагандай, турнир Абу-Даби шаарында 170 өлкөдөн келген 7 миңден ашык спортчунун катышуусунда өтүүдө.
Гүлзада Калыкул кызы 100 метрлик аралыкты 20,1 секундда чуркап өтүп, алтын медаль тагынган.