Кыргызстандык жөө күлүктөр Илья Тяпкин менен Сардана Трофимова Париж Олимпиадасына жолдомо алды.
Алардын ысымдары Париж Олимпиадасында марафонго катыша турган спортчулардын тизмесине кирди.
Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү Илья Тяпкин менен Сардана олимпиадалык нормативди аткара алышкан эмес. Бирок, Universality Places системасы боюнча квота алышты. Белгиленген талаптарга ылайык, өлкөнүн норматив аткарбаган жөө күлүктөрү болсо, Олимпиада оюндарында 3 дистанцияда: 100 метрге, 800 метрге же марафонго чуркоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.