Жөө күлүк Сардана Трофимова бүгүп Париж олимпиадасына катышып, 91 спортчунун ичинен 14-орунду ээледи.
Ал марафондо 42,2 км аралыкка чуркады.
Трофимова комментарийинде өзүнүн жыйынтыгына абдан ыраазы экенин жана улуттук
рекорд койгонун белгиледи.
Аралыктын башынан эле ал лидерлер тобунда чуркап, 27 км аралыкка чейин бир нече жолу
алдыга чыгып, лидер дагы болуп жатты.
«Мен бир эле темпти сактадым, башкалар 3:10, андан кийин 3:30-3:40, анан кайра башка
ылдамдыкта чуркашты. А мен бир калыптагы тепмти сактадым», — деди ал.