Бүгүн, 11-августта Сардана Трофимова Олимпиада оюндарында марафонго катышты. Ал 42 км 195 метрге чуркап, 14- болуп келди. Кыргызстандык жөө күлүк марага 2 саат 26 мүнөт 20 секундда жеткен. Ошентип, ал өлкөнүн рекордун жаңылады.
Жарышка жалпы 92 спортчу катышты.
Нидерландиялык кениялык жөө күлүк, ошондой эле Олимпиада рекордун жараткан Сифан Хассан марафондо алтын жеңип алды.