Казакстандын Астана шаарында 29-сентябрда марафон өтүп, кыргызстандык 3 жөө күлүк биринчиликти камсыздады. Бирок алардын бири — Айнуска Калил кызы марафондон четтетилди.
Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Мелис Надыров Kaktus.media сайтына билдиргендей, Айнуска Калил кызы 21,1 чакырымды 1 саат 14 мүнөт 27 секундда чуркап, биринчи болуп келген. Бирок андан кийин ал марафончулардын тизмесинен чыгарылган.
Ал белгилегендей, кыргызстандык спортчу бөтөлкөдөгу сууну атайын пункттан эмес, велосипедчинин колунан алып эреже бузган.
«Велосипедчен киши уюштуруучулар тарабынан жөө күлүктөрдү коштоп жүргөн. Биздин спортчу эмне кылып жатканын аңдабай калды окшойт, эки тараптуу чечим бар, бирок эреже деген эреже», — деди ал.