Бул тууралуу Россиядагы маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматта кыргызстандык жарандын аты-жөнү аталбайт. Анда Екатеринбург шаарынын аймактык аскер соту Кыргызстандын жаранын алты жылга эркинен ажыраткандыгы жазылган.
Маалымат каражаттары Россиянын Федералдык тергөө кызматынын Перм крайындагы бөлүмү тарабынан кыргызстандык жаран террористтик жана экстремисттик уюмдун жардамчысы катары кармалганын кечээ кабарлашкан.
Маалыматтарга ылайык, тергөө кызматы ал жарандын социалдык тармактарга террористтик, экстремисттик уюмдардын, топтордун ишмердигин жактаган видеолорду жарыялап, алардын кыймыл-аракеттерин актаган пост, комментарийлерди жазып турганын аныктаган.
Кыргызстандык жаранга карата РФ Кылмыш кодексинин 205-беренеси (Террористтик аракеттерге ачык чакыруу, Интернетте терроризмди актоо жана жайылтуу) жана 280-беренеси (Экстремисттик иш-аракеттерге интернетте ачык чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда соттун өкүмү чыгып, ал күчүнө кирди.
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги, Екатеринбургдагы консулдугу азырынча түшүндүрмө бере элек.