• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Кыргызстандык ЖМК өкүлдөрү үчүн Өзбекстанга пресс-тур уюштурулду

16 Тогуздун айы 202410:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн Өзбекстанга кылган пресс-туру жыйынтыктылды. Аталган иш-чара Өзбекстан менен Кыргызстандын президенттеринин басма сөз катчыларынын демилгеси менен уюштурулду.

Кыргыз журналисттери Самаркант жана Ташкен шаарларына барып, өлкөнүн тарыхый жерлерин кыдырды.

Алардын катарында Самарканддын тарыхый жерлери, Гур-Эмир мавзолейи, Регистан ансамбли, Биби Ханым мавзолейи, Афросиаб музейи,«Улуу Жибек жолу» туристтик борбору болду.

Ошону менен бирге ЖМК өкүлдөрү Ташкенттеги алдыңкы телеканалдарда, анын ичинде Sevimli.tv жана ZorTVда болушту. Анда Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши менен таанышып, телевидение өндүрүшү жана маалымат технологиялары жаатында кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

2017-жылы ачылган ZorTV жеке телеканалындагы заманбап техникалык мүмкүнчүлүктөрү кыргыз журналисттеринин кызыгуусун жаратты. Аталган телеканал аз убакытта өтө чоң жетишкендиктерге жетишкен. Телеканалынын башкы директору Энвер Латибжанов учурда интернеттин жайылышына карабастан, өзбек элинин 60 пайыздан ашыгы маалымат алууда телеканалдардын пайдасына тандоо кылышарын айтты.

Эки өлкөнүн өкүлдөрү эки республиканын маалымат каражаттарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын август айында да өзбекстандык журналисттер Кыргызстанга ушундай иш сапарынын алкагында келишкен.

Количество просмотров: 54