• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кыргызстандык журналист Франциядан баш паанек алды

26 Бирдин айы 201913:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.02.2019. Govori.TV.

Франция кыргызстандык журналист Улугбек Бабакуловго качкын макамын бергенин “Фергана” агенттиги жазды.

Макамды берүү эрежелерине ылайык, Бабакулов кайсы бир убакка чейин Кыргызстанга келе албайт жана чет өлкөдөгү элчилик, дипломатиялык өкүлчүлүккө кайрыла албайт.

Бабакулов Франциядагы Качкындар жана жарандыгы жок адамдардын башкармалыгынан ушундай мазмундагы маалымдама алганын билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бабакуловго Фергана.ру сайтына жазган макаласында «улуттар аралык кастыкты козуткан» деген шек менен 2017-жылы кылмыш ишин козгогон. Бабакулов бул айыпты четке каккан.

Журналист жеке коопсуздугуна байланыштуу ошол эле жылы жайында Кыргызстандан чыгып кеткен. Учурда Францияда жашайт. 

Количество просмотров: 15