• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстандык зыяратчылардын экинчи тобу Медина шаарына жетти

14 Кулжа 202312:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык зыяратчылардын экинчи тобу Медина шаарына аман-эсен жетти. Аларды ажылыкты уюштуруу боюнча штаб өкүлдөрү тосуп алышты.

Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда болочок ажылар мейманканаларга жайгаштырылып, аларга САПтын ажылык мезгилиндеги эрежелер түшүндүрүлүүдө.

Белгилей кетсек, зыяратчылардын алгачкы тобу 12-июнда Медина шаарына сапар тарткан.

Быйылкы жылы кыргызстандык ажыларды Jazeera авиакомпаниясы тейлөөдө.

Белгилей кетсек, быйылкы ажылык сапарына Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлүнгөн. Ажылыктын баасы 3900 долларды түзөт.

Количество просмотров: 84