Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги май айындагы дем алыш күндөрүн жарыялады.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюм, мекеме, ишканалардын кызматкерлери үчүн 1-майдан 5-майга чейин чейин дем алыш болот.
2-май, бейшемби күнүнүн ордуна 6-майда иш күнү болот. 3-майдын ордуна (жума) 11-майда иштейбиз (ишемби).
Ошондой эле, 9-май расмий жумуш эмес, майрам күн деп белгиленген.
Алты күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлер 1, 6 жана 9-майда эс алат.