• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандыктар март айында төрт күн катары менен эс алат

1 Жалган куран 202314:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандыктар 2023-жылдын өндүрүш календарына ылайык март айында бир нече күн эс алышат. Ошентип, 8-март — Аялдардын эл аралык күнү жумуш эмес күн болуп, 7-март майрам алдындагы күн кыскартылат.

Ошондой эле март айында жарандар 4 күн катары менен эс алышат: 18 жана 19-март – ишемби жана жекшемби, 20-март дем алыш күн болуп, ал үчүн кыргызстандыктар 29-апрель ишемби күнү иштейт; 21-март — Нооруз майрамы, бул күн да эс алуу күнү болот.

Бирок бул айда жарандар эки ишемби – 11 жана 25-мартта 5 жана 6-январдагы дем алыш күндөрүнүн ордуна иштешет.

Количество просмотров: 491