• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандыктар Новосибирсктен Бишкекке учуп келишти

22 Чын куран 202019:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-апрелде кыргызстандыктар чартердик рейс аркылуу Новосибирсктен Бишкекке учуп келишти. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Штабдын маалыматы боюнча, аларды «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алышкан. «Баарынын коопсуздугу үчүн 176 жүргүнчү аба майдандын имаратынын ичине кирбестен перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Бишкектен Новосибирскке Россия Федерациясынын жарандары учуп кетет.

https://www.facebook.com/moldokmatovjenish/videos/pcb.927102547740960/927104097740805/?type=3&theater

https://www.facebook.com/moldokmatovjenish/videos/pcb.927102547740960/927104057740809/?type=3&theater
Количество просмотров: 277