• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстандын аймагында эки ирет жер силкинди

15 Бештин айы 2023 11:21 Бишкек Govori.TV

Күн мурун, 14-декабрда Кыргызстандын аймагында эки ирет жер силкинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 13:59да Баткен облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын күчү Кадамжай районунун Кулду, Айдаркен, Кадамжай, Советский, Пульгон айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Баткен районунун Кыштут, Газ, Кара-Бак, Сары-Талаа,Жаңы-Жер, Кара-Бак, Чак айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ушул эле күнү саат 17:44тө Кыргызстан менен Казакстандын чектешкен аймагында күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл облусу Түп районунун Каркыра айылынан (7 чакырым туштүк чыгышта), Каракол шаарынан (68 чакырым түндүк чыгышта) Калктуу аймактарда: Джергалаң, Кызыл-Джар, Каркыра, Сан-Таш-3 балл. Ак-Булуң, Советское, Ак-Чий-2,5 баллга чейиин сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 141