• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстандын аймагында коронавирус оорусу дагы 68 адамдан аныкталды

8 Аяк оона 2020 11:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-сентябрга карата Кыргызстандын аймагында коронавирус оорусу дагы 68 адамдан аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, муну менен өлкөдө жалпы 44 миң 526 адамга коронавирус жукту. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Коронавирус жана пневмония менен жаңы катталгандар:

— Бишкек шаарында 13 адам;

— Чүй облусунда 4 адам;

— Ош облусунда 11 адам;

— Талас облусунда 7 адам;

— Нарын облусунда 1 адам;

— Ысык-Көл облусунда 8 адам;

— Жалал-Абад облусунда 8 адам;

— Баткен облусунда 16 адам.

Количество просмотров: 75