• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстандын айрым райондорунда сел жүрүшү күтүлөт

4 Теке 202310:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-6-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Министрликтен белгилешкендей, буга байланыштуу коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Количество просмотров: 95