«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштуруп келген айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган тренинг бул жолу Ысык-Көлдө өттү.
3 күндүк окуутуу тренингине өлкөнүн түндүк жергесиндеги 21 лидер айым чогулду. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист жана жеке ишкерлер бар.
Бул тренингдин башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.
Анда маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү, жасалма интеллектти өз брендин өстүрүүдө колдонуу жѳнүндѳ маалыматтар берилди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова белгилегендей айымдарга өзгөчө шык берип, колдоо көрсөткөн «Кыйын» өңдүү долбоорлордун көп болуусу өлкө келечеги үчүн маанилүү.
Буга чейин тренингде өлкөгө белгилүү лидер айымдар келип мастер-класстарды өткөрүп келишсе, бул жолку тренингдин өзгөчөлүгү долбоордун буга чейинки катышуучуларынын келип, «Кыйындан» кийинки ийгиликтери жана жетишкендиктери менен бөлүшкөнү болду.
3 күндүк окуунун жыйынтыгы менен бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, жана ар бир келген лидер айым өз аймагындагы маанилүү көйгөйдү көтөрүп, «Кыйын» ток-шоусуна катышты. Өз кезегинде айымдар долбоордон кийнки жагымдуу эмоциялары менен бөлүшүштү.
Кошумчалай кетсек, мындай жөрөлгө айымдардын потенциалын жогорулатуу менен саясий чөйрөгө аралашуусуна жол ачат.